Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
90-берене. Административдик жол-жобону жүзөгө ашыруудагы башка чыгашалар
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 14-глава
1. Административдик жол-жобону жүзөгө ашыруудагы башка чыгашаларга төмөнкүлөр таандык болот:
1) административдик даттануу боюнча административдик актыны же чечимди же башка документтерди даректелгенге тапшырууга, ошондой эле күбөлөрдү, эксперттерди жана котормочуларды чакыртууга байланышкан чыгашалар;
2) административдик актыны жарыялоого жана угузууга байланышкан чыгашалар;
3) административдик актыга же жол-жобого тиешеси бар башка документтердин кошумча нускаларын тапшырууга байланышкан чыгашалар, ошондой эле ал документтерден көчүрмөлөрдү (ксерокөчүрмөлөрдү) жана алардан үзүндүлөрдү алууга жана акыркыларын берүүгө байланышкан чыгашалар;
4) административдик жол-жобого катышууну камсыз кылууга же административдик жол-жобого байланышкан телеграммаларга жана эл аралык телефон чалууларга байланышкан чыгашалар;
5) иш сапарына чыгашалар;
6) башка администрациялык органдарга же башка жактарга көрсөтүлгөн жардам же көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөнүүгө тийиш болгон суммалар;
7) буюмдарды ташууга же сактоого байланышкан чыгашалар;
8) административдик даттануу боюнча административдик актыны же чечимди аткаруу боюнча администрациялык органдын чыгашалары;
9) административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүчү суммалар.
2. Ушул берененин 1-бөлүгү менен каралган чыгашалар административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу органга жүктөлөт, ал эми экспертти же котормочуну чакырууга байланышкан чыгашалар ушул Мыйзамдын 91-беренеси менен каралган тартипте компенсацияланат.
Административдик жол-жобо ишинин материалдарынан көчүрмөлөрдү жана үзүндүлөрдү жасоого байланыштуу чыгашаларды мындай талап койгон жак тартат. Бул учурда чыгашалар администрациялык орган тарабынан жасалган иш жүзүндөгү көчүрмөлөргө жана үзүндүлөргө сарптоолордон ашпоого тийиш.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-90" title="90-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>