1-берене
Күчүндө · 28.07.2015 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-беренеде:
1-бөлүгүндө: 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын жана башка органдардын курамына кирүүгө;"; 6-пунктунда "депутаттык" деген сөз "парламенттик" деген сөзгө алмаштырылсын; 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8) фракцияга биригүүгө."; 2-бөлүгүндө: 2-пунктунда "депутаттык топтордо," деген сөздөр алып салынсын; 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) ички фракциялык тартипти сактоого;".
2. 10-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) парламенттик фракциянын тапшырмасы боюнча күн тартибиндеги маселелер боюнча өзгөчө ой-пикиринин текстин төрагалык кылуучуга берүүгө;".
3. 14-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын парламенттик фракцияларга мүчөлүгү"; 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардан түзүлгөн парламенттик фракциянын курамына кирет.
2. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана парламенттик фракциянын мүчөсү болуп саналат.";
3-бөлүгүндө: бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы ", депутаттык топтун" деген сөздөр алып салынсын; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) фракциянын жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;"; 4-бөлүгүндө: ", депутаттык топтогу" деген сөздөр алып салынсын; "жоболордо" деген сөз "Жободо" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 16-берененин 3-бөлүгүндө ", парламенттик фракциянын же депутаттык топтун" деген сөздөр "же парламенттик фракциянын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 20-берененин 1-бөлүгүндө ", депутаттык топтордун" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 28.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111248/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>