Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 124-берененин 4-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарындагы "маалыматтар базасын" деген сөздөр "маалыматтар базасынан маалымдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 189-беренеде:
1-пункттагы "уставдык капиталга салым" деген сөздөрдөн кийин "жана/же субъект катышуучусу болуп саналган уюмга субъектин салымынын башка түрлөрү" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) уюмдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен өзүнүн жеке өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга акысыз алган негизги каражаттардын жана акча каражаттардын наркы, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн объекттерди (мындан ары бул бөлүмдө - акысыз алынган социалдык-маданий багыттагы объекттер) багытталышы боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган, мамлекеттик катышуунун үлүшү 50%дан жогору чарбалык коомдордун жана/же Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналган адистештирилген уюмдардын менчигине акысыз алынган объекттердин (социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттердин, жолдордун, электр тармактарынын, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын, гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станциялардын, гидротехникалык курулмалардын, суу алгыч курулмалардын, тоо кен-шахталык жабдуулардын, жарандык коргонуу объекттеринин, ошондой эле жер участокторун пайдалануу укугунун) наркы. Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;".
3. 253-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"253-берене. Акысыз негиздеги беримдер
1. Төмөндө көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган, мамлекеттик катышуунун үлүшү 50%дан жогору чарбалык коомдордун жана/же Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналган адистештирилген уюмдардын менчигине социалдык-маданий, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттерди, жолдорду, электр тармактарын, подстанцияларды, от казандарын жана жылуулук тармактарын, газ тармактарын, гидроэлектр станцияларынын, жылуулук электр станцияларынын объекттерин, гидротехникалык курулмаларды, суу алгыч курулмаларды, тоо кен-шахталык жабдууларды, жарандык коргонуу объекттерин акысыз негизде өткөрүп берүү КНС-нан бошотулган берим болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча уюмдун менчигине негизги каражаттарды акысыз негизде өткөрүп берүү КНС-нан бошотулган берим болуп саналат.
3. Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат жана КНС-нан бошотулган берим болуп саналат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
4. 348-берененин 1-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын: "14) айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр."; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Милдеттүү патенттин шарттарында экспорттолууга жаткан айыл чарба продукциясынын түрлөрүнүн тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
5. 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"
14) айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр
1 автомашина жүгү менен, салмагы: 4 тоннага чейин
300 сом
4 тоннадан 8 тоннага чейин
600 сом
8 тоннадан 12 тоннага чейин
900 сом
12 тоннадан жогору
2000 сом
".
6. 350-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда салыктык мезгил болуп жүгү менен автомашинанын бир жолку чыгып кетүүсү эсептелет.".
7. 352-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга патент автомашинанын жүгү менен ар бир жолку чыгып кетүүсүнө сатып алынат.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111238/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>