Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Музейлердин түрлөрү
Күчүндө · 25.10.2024 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 октября 2024 года № 171
1. Музейлер өз тармактары боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) тарыхый - коллекцияларынын жыйнактары адамзат коомунун өнүгүү тарыхын документтештирген тармактык музейлер тобу;
2) тарыхый-мекен таануу - белгилүү бир калктуу конуштун же географиялык региондун тарыхый, табигый жана маданий өнүгүүсүн документтештирүү жана презентациялоо иш объекти болуп саналган музей;
3) адабий - жыйнактары адабияттын тарыхын жана учурдагы адабий процесстерди документтештирген музейлер тобу;
4) көркөм - улуттук жана чет өлкөлүк сүрөт жана жасалга-колдонмо көркөм өнөрүнүн тарыхын жана өнүгүүсүн документтештирүүчү, көркөм өнөр чыгармаларын чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну жүзөгө ашыруучу тармактык музейлер тобу;
5) техникалык жана илимий - илим менен техниканын өнүгүү процессин документтештирүүчү, илим жана техника эстеликтерин табуучу, сактоочу жана изилдөөчү, илимий-техникалык билимдердин негиздерин жайылтуучу тармактык музейлер тобу;
6) тармактык - багыты конкреттүү билим тармагы же өндүрүштүк иштин тармагы менен байланышты аныктаган музейлер;
7) корук музейлер - өзгөчө тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий мааниси бар кыймылсыз тарыхый-маданий байлыктардын ансамбли жана комплекстери;
8) мемориалдык - көрүнүктүү инсандардын элесин, ошондой эле сакталган жана кайра түзүлгөн тарыхый жана маданий эстеликтердин, мемориалдык-турмуш-тиричилик жагдайдын жана мемориалдык буюмдардын негизинде тарыхый окуяларды түбөлүккө калтыруу үчүн түзүлгөн музейлер;
9) археологиялык - эреже катары, археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында табылган тарыхый, көркөм баалуулукка ээ болгон буюмдарды чогулткан, сактаган, изилдеген жана көрсөткөн тарыхый тармактагы музейлер;
10) этнографиялык - жыйнактары элдердин жана башка этностук коомчулуктардын этногенезин, ар кандай элдердин өткөн жана азыркы маданияты менен турмуш-тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн документтештирген тарыхый тармактык музейлер тобу;
11) санжыра музейлери - адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлер.
2. Музейлер менчиктин түрү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) мамлекеттик менчикке негизделген музейлер;
2) муниципалдык менчикке негизделген музейлер;
3) жеке менчикке негизделген музейлер.
3. Музейлерди түзүү ыкмасы боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) уюштуруучу тарабынан өз алдынча юридикалык жак катары түзүлгөн музейлер;
2) ведомстволук - юридикалык жакты түзбөстөн мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн музейлер.
(КР 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.10.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 октября 2024 года № 171 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.10.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өзгөчөлүктөрүн документтештирген тарыхый тармактык музейлер алынып салынды: тобу.
кошулду: тобу;
11) санжыра музейлери - адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлер.
2. Музейлер менчиктин түрү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) … жакты түзбөстөн мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн музейлер.
кошулду: (КР 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 413 "К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейин К.Жетимишбаев атындагы Тарых-санжыра жана…Постановление · 11.06.2026 · № 413
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151 "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2022 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 "Жети-Өгүз райондук К.Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейин К.Жетимишбаев атындагы…Постановление · 05.08.2024 · № 456
- Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Мыйзамга өзгөртүү киргизилдиЗакон · 30.10.2024
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111237/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>