1-берене
Күчүндө · 24.07.2015 редакциясы
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 17-берененин 5-пунктунун биринчи абзацы "чек" деген сөздөн кийин "же товарларды накталай эмес формада төлөгөндүгүн ырастаган документ" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"перифериялык түзүлүштөгү аппараттарды пайдалануу менен накталай эмес формада (төлөм карточкалары) товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуучунун төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Соода-сервистик ишканалардын тизмеги, ошондой эле соода-сервистик ишканалар банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн ага ылайык өзүлөрүндө POS-терминалдарды орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 24.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111232/st-1" title="1-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>