Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 24-июлу № 188 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 17-берененин 5-пунктунун биринчи абзацы "чек" деген сөздөн кийин "же товарларды накталай эмес формада төлөгөндүгүн ырастаган документ" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"перифериялык түзүлүштөгү аппараттарды пайдалануу менен накталай эмес формада (төлөм карточкалары) товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуучунун төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Соода-сервистик ишканалардын тизмеги, ошондой эле соода-сервистик ишканалар банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн ага ылайык өзүлөрүндө POS-терминалдарды орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки айдан кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 31-июлунда № 69-70 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА (үчүнчү этап)Программа · 28.03.2018 · № 166/51-6 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90