2-берене
Күчүндө · 14.07.2015 редакциясы
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 1-статьяда:
мамлекеттик тилдеги статьянын тексти төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "Коменданттык саат - инсандыгын ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда, же болбосо өз турак-жайынан тышкары жерде болууга тыюу салуу белгиленген сутканын убактысы."; статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Кризистик кырдаал - биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия), социалдык (зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу,) жана табияттык-техногендик (табигый кырсыктар, кыйроолор) мүнөздөгү конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирүүчү факторлордун (жагдайлардын) жыйындысы.".
2. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кыргыз Республикасында өзгөчө абал төмөнкү кризистик кырдаалдар пайда болгондо аларды четтетүү өзгөчө чараларды колдонуусуз мүмкүн болбогондо киргизилет:
1) биологиялык мүнөздөгү: эпидемия, эпизоотия, эпифитотия;
2) социалдык мүнөздөгү: зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу;
3) табияттык-техногендик мүнөздөгү: табигый кырсыктар, кыйроолор, эгерде алар конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирсе.".
3. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары кризистик кырдаалдар пайда болгондо аларды чектөө жана чечүү үчүн өз ыйгарым укуктарынын чектеринде бардык чараларды көрөт. Өзгөчө абалды киргизүүдө же биологиялык, социалдык жана табияттык-техногендик факторлор менен шартталган кризистик кырдаалдардын масштабы кулач жайганда, аларды чектөө жана чечүү үчүн укук коргоо органдарынын жана жарандык коргонуу органдарынын күчү жана каражаттары жетпей калганда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы буга тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн, ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун органы болуп саналат.".
4. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-бөлүк менен толукталсын:
"Өзгөчө абалды киргизүүдө же ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, өз компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.".
Берененин тексти 14.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111207/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>