Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 14.07.2015 редакциясы
"Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-беренеде:
расмий тилдеги тексттин экинчи абзацы "вооруженной силы" деген сөздөрдөн кийин "другим" деген сөз менен толукталсын; алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелери жана бөлүктөрү" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскердик түзүлмөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын; онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аймактык коргонуу күчтөрү жана каражаттары - Кыргыз Республикасынын аймагында калкты, объекттерди жана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык же террордук актылардан коргоо үчүн, ошондой эле согуштук абалды киргизүү жана кармап туруу үчүн багытталган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын резервдик түзүлмөлөрү, бирикмелери, бөлүктөрү, мекемелери, башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.".
2. 4-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлмөлөрү аларга ушул конституциялык Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген ыйгарым укуктарына ылайык, согуштук абал киргизилген мезгилде, агрессиянын мизин кайтарат, коомдук тартипти камсыз кылат, жарандык коргонуу жана аймактык коргонуу боюнча иш-чараларды аткарат, ошондой эле коргонуу жагындагы башка милдеттерди аткарат.".
3. 5-берененин 3-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскердик түзүлмөлөрүн" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 6-беренеде:
биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскердик түзүлмөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын; 6-пунктунда "абалды" деген сөз "абал режимин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы катары согуштук абал киргизилиши менен Кыргыз Республикасын коргоону жетектейт жана согуштук абал мезгилинде:".
6. 11-беренеде:
2-пункт "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскердик түзүлмөлөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын; 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10) аймактык коргонууну жана жарандык коргонууну уюштуруу тартибин аныктайт;".
7. 12-берененин 3-бөлүгүндө "Башкы штабы" деген сөздөр "Генералдык штабы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 14.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Аскердик абал жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 30.04.2009 · № 149
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111207/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>