5-берене. Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүшүн жакшыртууга багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана каржылоо;
2) жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоонун стандарттарын иштеп чыгуу жана аткаруу;
3) жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, алардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун жакшыртуу үчүн заманбап ыкмаларды жана технологияларды колдонууга киргизүү;
4) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
5) мамлекеттик программалардын алкагында юридикалык, социалдык, маалыматтык-усулдук жактан колдоону камсыз кылуу;
6) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатында кызмат көрсөтүүчү менчиктин бардык түрүндөгү саламаттыкты сактоо уюмдарына ак ниет атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүү;
7) жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына контролду жана координацияны жүзөгө ашыруу;
8) репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча мамлекет тарабынан кепилденген кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин бекитүү;
9) жашы жете электерге багытталган гинекологияны жана андрологияны өнүктүрүү жана оптималдаштыруу;
10) жашы жете электердин сексуалдык билим алуусунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн билим берүү тутумунда окуу программаларын иштеп чыгуу жана кадрларды даярдоо.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111191/st-5" title="5-берене - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>