Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Жасалма жол менен уруктандыруу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Жарандар зарыл болгон учурда жасалма жол менен уруктандыруу ыкмаларын: инсеминацияны, эмбрионду салуу жана экстракорпоралдык уруктандырууну пайдалануу менен балалуу болууга укуктуу.
2. Нике жашына жеткен аял медициналык каршы көрсөтмөлөрү болбогон учурда жасалма жол менен уруктандырылуу укугуна ээ.
3. Жасалма жол менен уруктандыруу жубайлардын же никеде турбаган аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен саламаттыкты сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылат. Мында оорунун тукум куу ыктымалдуулугу өтө жогору болгондугу аныкталгандан башка учурларда, болочок баланын жынысын тандоого жол берилбейт.
4. Жасалма жол менен уруктандыруу ыкмаларын колдонгондо, пациенттин жатынына экиден көп эмес эмбрионду көчүрүүгө болот, ал эми жасалма жол менен уруктандыруу ыкмалары үч же андан көп жолу колдонулуп, кош бойлуулукка алып келбеген учурда, пациенттин жатынына үчтөн көп эмес эмбрионду көчүрүүгө болот.
5. Медициналык көрсөтмөлөр болгондо, эмбриондордун санын азайтуу боюнча жүргүзүлүүчү медициналык кийлигишүүдөн турган редукция жүргүзүлүшү мүмкүн. Редукция жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6. Жүргүзүлгөн жасалма уруктандыруу жөнүндө маалыматтар дарыгердик сырды түзөт.
7. Жарандар жасалма уруктандыруунун жол-жоболору, анын натыйжаларынын медициналык жана укуктук аспекттери, донорду медициналык-генетикалык жактан текшерүүнүн жыйынтыктары, донордун сырткы көрүнүшү жана улуту жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Тийиштүү маалыматтар медициналык кийлигишүүнү жүзөгө ашыруучу дарыгер тарабынан берилет.
8. Конкреттүү адамдын тукумун арбытып көбөйтүүнү кошпогондо, адамдын эмбрионун коммерциялык, аскердик, өнөр-жайлык жана башка максаттар үчүн алууга тыюу салынат.
9. Жасалма жол менен уруктандырууну жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 "Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2018 · № 337 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 токтомуПостановление · 23.07.2018 · № 337
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111191/st-20" title="20-берене - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>