16-берене. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу укугу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Мөөнөтү 12 жумадан ашпаган кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу (аборт) аялдын каалоосу боюнча жасалат. Кош бойлуулукту социалдык көрсөтмөлөр боюнча жасалма жол менен токтотуу кош бойлуулуктун 22 жумасына чейинки мөөнөттө - аялдын макулдугу менен, ал эми медициналык көрсөтмөлөр боюнча кош бойлуулуктун мөөнөтүнө карабай жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Саламаттыкты сактоо уюмдары кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу тууралуу же кош бойлуулукту медициналык көрсөтмөлөр боюнча токтотуудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алган аялга анын ден соолугу үчүн күтүлүүчү ар кандай кесепеттер жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
3. 16 жашка чыга элек адамдарга кош бойлуулугун жасалма жол менен токтотуу өздөрүнүн, алардын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт.
4. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу медициналык иштин ушул түрүнө лицензиясы бар саламаттыкты сактоо уюмдарында жүргүзүлөт.
5. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотууга чейин жана андан кийин аялдарга кийинки каалабаган кош бойлуулукту алдын алуу каражаттарын тандоо менен милдеттүү медициналык-социалдык консультация берилет.
6. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу шарттары менен тартиби жана кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
7. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуунун белгиленген тартибин бузуу мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111191/st-16" title="16-берене - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>