10-берене. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Жарандар жынысына, расасына, жаш курагына, этноско таандуулугуна, тилине, майыптыгына, үй-бүлөлүк абалына, туткан динине, саясий же башка көз караштарына, алган билимине, ата-тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо укугуна ээ.
2. Жарандар өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү толук жана эркин маалымдалган макулдугусуз сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугуна байланышкан медициналык эксперименттерге дуушар болбошу керек.
3. Жарандар өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашыруусуна байланыштуу органдардын, уюмдардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине (же аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарга же сотко даттануу жолу менен өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын коргоого укуктуу.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111191/st-10" title="10-берене - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>