9-берене. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды сертификаттоо
Күчүндө · 26.04.2023 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды жеткирип берүүчү өлкөлөрдүн аккредитацияланган уюмдарынын шайкештик сертификаттары болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жардыргыч материалдардын сертификаттарын таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалуучу өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар аларды колдонуу алдында өнөр жайлык сыноолордон милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш.
Өнөр жайлык сыноолорду өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…материалдардын сертификаттарын таануу тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалуучу … тийиш.
Өнөр жайлык сыноолорду өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111153/st-9" title="9-берене - Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>