10-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл
Күчүндө · 26.04.2023 редакциясы · 2-глава
1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүргүзүлөт.
2. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөл төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) юридикалык жактар тарабынан пайдаланылуучу жайларды (курулмаларды) жана кампа объекттерин иш жүзүндө жана техникалык коргоо боюнча режимдик-күзөттүк иш-чараларга, коркунучтуу жүктөрдү ташууда, аларга куралдуу күзөттү уюштурууда, жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге кызматкерлерге уруксат берүүдө белгиленген талаптардын бузулушун табуу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жардыргыч материалдарды жүгүртүү тартибин бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу үчүн жардыргыч материалдарды өндүрүүдө, колдонууда, эсепке алууда, сактоодо, сыноодо жана жок кылууда эреже бузууларды аныктоо;
3) жардыргыч материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү табуу жана ага бөгөт коюу.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 94 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с преобразованием Правительства Кыргызской Республики в Кабинет Министров Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…белгиленген талаптардын бузулушун табуу;
2) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жардыргыч материалдарды жүгүртүү тартибин … материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү табуу жана ага бөгөт коюу.
кошулду: (КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111153/st-10" title="10-берене - Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>