7-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө белгиленген чектөөлөр жана тыюу салуулар
Күчүндө · 26.04.2023 редакциясы · 2-глава
1. Жардыргыч материалдар белгиленген тартипте берилген лицензиялардын жана (же) уруксаттардын негизинде гана жүгүртүүдө болушу мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) жеке адамдардын жардыргыч материалдарды жүгүртүүсүнө;
2) ушул Мыйзамга ылайык жүгүртүүгө уруксат берилбеген, ошондой эле реестрге киргизилбеген жардыргыч материалдарды колдонууга жана сатууга;
3) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган келишим боюнча жооптуу сактоого өткөрүп берүү, ошондой эле белгиленген тартипте жардыргыч материалдарды убактылуу алып коюуда мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан жооптуу сактоого өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, өздөрү менчик ээси болуп саналбаган юридикалык жактар таап алган жана (же) аларга өткөрүлүп берилген жардыргыч материалдарды алар сактоосуна жана колдонуусуна;
4) жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинде жардыргыч материалдарды сактоочу жер, жардыргыч материалдарды ташуу үчүн транспорт каражаттары, жардыргыч материалдардын коопсуздугун, сакталышын, эсепке алынышын жана жайгаштырылуучу жерин кайтарууну уюштурууну камсыздоо үчүн жооптуу кызмат адамы, ошондой эле жардыргыч материалдар менен иштерди аткаруу үчүн талап кылынган квалификациясы жана уруксаты бар персонал жок болгон учурда, жардыргыч материалдарды өндүрүүгө, сактоого, сатууга жана колдонууга;
5) жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келбеген жардыргыч материалдарды жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн колдонууга;
6) жардыргыч материалдарды төмөнкү жерлерде сактоого:
а) аларды жайгаштыруу үчүн каралбаган; куралдуу кайтаруусуз;
б) кайтаруу, өткөрүү жана объект ичиндеги режимдердин тартибин бузуу менен;
7) жардыргыч материалдарды кол жүгү жана жол жүгү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун бардык түрлөрү менен ташууга, ошондой эле жардыргыч материалдарды почта байланышы аркылуу жөнөтүүгө;
8) жардыргыч материалдарды алардын кыймылын бул максаттар үчүн арналган эсепке алуунун жана отчеттуулуктун мамлекеттик формаларында чагылдыруусуз жүгүртүүгө.
3. Жеке адамдарга, ошондой эле юридикалык жактардын кызматкерлерине жана кызмат адамдарына табылган жардыргыч материалдарды сактоого тыюу салынат. Мындай заттардын жана предметтердин табылгандыгы жана алардын жайгашкан жери жөнүндө адамдар бир күндүк мөөнөттө укук коргоо органдарына билдирүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 26.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111153/st-7" title="7-берене - Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>