6-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу
Күчүндө · 26.04.2023 редакциясы · 2-глава
Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөрдү берүү аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды өндүрүүгө, колдонууга, жок кылууга лицензияларды;
2) жардыргыч заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатууга лицензияларды;
3) өзгөчө товарларды (жардыргыч заттар, жардыруу каражаттары жана пиротехникалар) импорттоого жана экспорттоого лицензияларды;
4) кооптуу жүктөрдү ташууга уруксатты;
5) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна уруксатты;
6) жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксатты;
7) жардыргыч материалдарды сактоо укугуна уруксатты;
8) жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна уруксатты.
Берененин тексти 26.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111153/st-6" title="6-берене - Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>