1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 213-5-статьяда:
статьянын аталышындагы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "нормаларын" деген сөз "параметрлерин" деген сөз менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Эгерде бул ири өлчөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу талаптарын бузууга алып келсе, жүк жөнөтүүчү тарабынан жүктүн массасы жана өлчөмдөрү жөнүндө туура эмес маалыматтарды берүү, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 213-6-статьяда:
статьянын аталышы жана биринчи абзацы "Автобекеттер" деген сөздөн мурда "Юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзац "кызмат адамдарына" деген сөздөрдөн мурда "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө," деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 213-7 - 213-9-статьялар менен толукталсын:
"213-7-статья. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуу режимин бузуу Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда контролдоочу түзүлүштөрсүз (тахографсыз) же өчүрүлгөн тахографты колдонуу менен, ошого тете эле, толтурулбаган тахограммалар менен, же болбосо айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдыруучу каттоо баракчаларын жүргүзбөстөн жүк ташуучу транспорт каражатын же автобусту айдоо - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу жүк ташуучу автотранспорт каражатынын же автобустун айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуунун белгиленген режимин бузуу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111148/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>