Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
45-берене. Кызмат өтөө жана келишим (контракт) боюнча иштөө
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер бөлүктөрүндө жана бөлүкчөлөрүндө аскердик кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн кадрларды жана адистерди даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик-окуу, жогорку жана атайын-орто окуу жайларында, окуу борборлорунда (мектептерде), ошондой эле макулдашуу (келишим) боюнча чет өлкөлүк аскердик окуу жайларында жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда анык аскердик кызмат өтөөгө Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чакырылат.
4. Аскер кызматчылары өздөрүнүн кызматтык милдеттенмелерин аткарууда бийлик өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болушат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан башка эч кимдин алардын кызматтык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын жана жарандардын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу, алардын өмүрүнө, ден-соолугуна, ар-намысына жана абийирине, мүлкүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
5. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык бөлүкчөлөрү менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча кызмат өтөө күжүрмөн нөөмөт (күжүрмөн кызмат) болуп саналат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-45" title="45-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>