24-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы чек ара контролу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы чек ара контролу адамдарга, унаа каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата мамлекеттик контролдоонун түрлөрүнүн бири болуп саналат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) документтерди текшерүү;
2) унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташууну коштоп жүрүүнү;
3) унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды карап чыгууну;
4) Мамлекеттик чек аркылуу өтүүчү унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды кароо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
а) аларда жашырынып жаткан Мамлекеттик чек араны бузуучуларды табуу жана кармоо;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасына киргизилүүгө же Кыргыз Республикасынан алып чыгууга тыюу салынган жүктөрдү жана товарларды табуу. Унаа каражаттарды жана алар ташып өткөн жүктөрдү жана товарларды чек ара кезметтеринин кароосу болот;
5) жеке кароо;
6) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын жайларын жана аймагын карап чыгуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>