23-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режим
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108
1. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режим, мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн гана орнотулуучу ушул пункттарга адамдардын, унаа каражаттарынын кирүү (чыгуу), аларда болуу жана чыгуу, жүктөрдү, товарларды, жаныбарларды алып кирүү жана алып чыгуу эрежелерин камтыйт.
Өткөрүү пунктунун аймагы режимдик болуп саналат.
2. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет.
3. Өткөрүү пункттарындагы режим төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү болтурбоого тийиш:
1) адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүсүн;
2) жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүсүн;
3) бөтөн адамдардын өткөрүү пункттарындагы жабык жерлерге, жайларга (объекттерге), ошондой эле чет өлкөгө бара жаткан унаа каражаттарына кирүүсүн.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.05.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режими Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, … ошондой эле чет өлкөгө бара жаткан унаа каражаттарына кирүүсүн.
кошулду: (КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>