1-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-главанын аталышында "кирүү" деген сөз "кабыл алуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-статьяда:
статьянын аталышында "кирүүнүн" деген сөз "кабыл алынуунун" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк абалына байланыштуу негиздер боюнча альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматтан өткөн, өзүнүн ишкердик жана жеке сапаттары боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине коюлуучу талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат, анын ичинде:
- катардагы жана кенже жетекчи курамдагы кызмат ордуна - жашы 30дан ашпаган адамдар; жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде эркин жалданма кызмат ордуна 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы - 35тен ашпаган адамдар;
- ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызмат ордуна - жашы 35тен ашпаган адамдар; жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде эркин жалданма кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы 40тан ашпаган адамдар.
Мында аскердик жана альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматты өтөгөндүгүнө карата талаптар аялдарга жайылтылбайт. Аскерден тышкаркы альтернативалык кызматты өтөгөн жарандар ээлей ала турган кызмат орундарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет."; 5-пунктунун экинчи абзацында "ортоңку жана улук жетекчи курамдагы" деген сөздөрдөн кийин ", ыкчам-кызматтык ишке байланышпаган жана жашыруун иш кагаздарына киргизүүнү талап кылбаган" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 7-1-статьянын аталышында "кирээрде" деген сөз "кабыл алынарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 22-статьянын 3-бөлүгүндө "киргенге" деген сөз "кабыл алынганга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 35-статьянын 4-пунктунун он бешинчи абзацында "кирип" деген сөз "кабыл алынып" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111140/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>