1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 489-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталап жасалган ошол эле аракеттер, - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында:
үчүнчү абзац "422" деген цифралардан кийин ", 489" деген цифралар менен толукталсын; он төртүнчү абзац "180" деген цифралардан кийин ", 489" деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111138/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>