Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-04-13.
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 28-апрели № 90 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 373-1-статья менен толукталсын:
"373-1-статья. Администрациялык камоодо болуу ордунан өзү билип кетип калуу же администрациялык камоодо болуудан баш тартуу Администрациялык камоодо болуу ордунан өзү билип кетип калуу же администрациялык камоодо болуудан баш тартуу, - он саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартуу менен беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алып келет.".
2. 508-статьянын 1-бөлүгү "373," деген цифралардан кийин "373-1," деген цифралар менен толукталсын.
3. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасы "373," деген цифралардан кийин "373-1," деген цифралар менен толукталсын.
4. 630-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Администрациялык камоо жөнүндө токтомду аткаруу администрациялык камоого дуушар болгон адамдын администрациялык камоодо болуусуна тоскоолдук кылуучу оорусу, жаракаты же майыптыгы бар экени тууралуу медициналык корутундунун негизинде, ошондой эле өзгөчө жеке жагдайлар (жакын тууганы катуу ооруп калган же каза болгон же болбосо администрациялык камоого дуушар болгон адамга же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтирилген өзгөчө кырдаал) келип чыккан учурда судья тарабынан үч суткалык мөөнөткө чейин токтотула турушу же токтотулушу мүмкүн. Администрациялык камакты токтото туруунун мөөнөтү администрациялык камакта болуу мөөнөтүнө эсептелбейт. Ага карата администрациялык камоо жөнүндө токтомдун аткарылышы токтотулган адам белгиленген мөөнөттө администрациялык камакта болуу ордуна кайтып келүүдөн баш тарткан учурда, көрсөтүлгөн адам администрациялык камоодо болуу ордуна өткөрүлүп берилгенге чейин ички иштер органдары тарабынан кармалууга тийиш.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон