1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 92-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын: "Унду байытуунун эрежелерин бузуу, байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү, байытылбаган унду сатып өткөрүү - юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге эреже бузууларды четтетүүгө чейин ун сатууну токтотуп туруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Унду байытуунун эрежелеринин сакталышына, байытылбаган унду жөнөтүүгө, сатып өткөрүүгө талаптагыдай эмес контроль - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Администрациялык жаза чараларды колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракет - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: "Эскертүү. Кыргыз Республикасынын рыногунда унду байытуу үчүн атайын тамак-аш ингредиенттеринин (кошулмалардын) жоктугу жактарды ушул статьянын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрү боюнча администрациялык жоопкерчиликтен бошотот.".
2. 506-статьянын 2-пунктунда "шаардык, райондук" деген сөздөр "жергиликтүү" деген сөз алмаштырылсын.
3. 509-беренеде "райондук, шаардык мамлекеттик администрациялардын" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111129/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>