1-берене
Күчүндө · 16.04.2015 редакциясы
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын.
2. 1-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 2-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 3-берененин экинчи абзацында "түзүлгөн эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 4-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "эл аралык макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке жактарды мамлекеттик каттоо, ошондой эле патенттик негизде жүргүзүлүүчү иш салык органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоодон баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.".
7. 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 9-беренеде "түзүлгөн эл аралык келишимдерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 10-беренеде "Башкаруунун борбордук органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- рынокто монополисттик ишти жана атаандаштыкка каршы көрүнүштөрдү болтурбоо.".
11. 20-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү" деген сөздөр "мамлекеттик менчикти менчиктештирүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 24-берененин 3-бөлүгүндө "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 01.02.2001 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111126/st-1" title="1-берене - Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>