36-берене. Техникалык тапшырманы даярдоо
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
1. Техникалык тапшырмада тапшырманын максаттары, милдеттери, көлөмү, талаптардын сыпаттамасы жана отчетторду берүүнүн мөөнөттөрү, билме маалыматтар, анын ичинде тиешелүү изилдөөлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт.
2. Эгерде техникалык тапшырмамын максаты билимдерди берүүдө же кадрларды даярдоону жүргүзүүдө турса, бул маалымат өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш, мында консультанттар кызмат көрсөтүүлөрдүн зарыл көлөмүн баалай алуусу үчүн окутулуудан өткөрүлүүгө тийиш болгон кызматкерлердин саны тууралуу кеңири маалымат кошо көрсөтүлүшү керек.
3. Техникалык тапшырмада аны аткарууга зарыл кызмат көрсөтүүлөр жана иликтөөлөр, болжолдуу жыйынтык документтер саналып көрсөтүлүшү керек, ошондой эле сатып алуучу уюмдун жана консультанттардын милдеттери так аныкталууга тийиш.
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-36" title="36-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>