23-берене. Конкурстук мезгил. Конкурстук документацияны берүү, түшүндүрүү жана өзгөртүү
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4
1. Сатып алуучу уюм иштелип чыккан конкурстук документтердин пакетин конкурс жөнүндө кулактандыруу менен бирге мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырууга милдеттүү.
2. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболору жүргүзүлгөн учурда конкурстук документация тандалып алынган бардык берүүчүлөргө (подрядчыларга) таратылат.
3. Конкурстук документацияны берүү акысыз негизде ишке ашырылууга тийиш.
4. Берүүчүлөр (подрядчылар) конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде беш календардык күн мурда сатып алуучу уюмдан конкурстук документациянын жоболорунун түшүндүрмөсүн сурай алат. Сатып алуучу уюм мындай суроо-талапка үч календардык күндөн кечиктирбестен жооп берүүгө жана суроо-талаптын булагын жарыялабастан, жоболордун түшүндүрмө маалыматын мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырууга тийиш. Алдын ала квалификациялоо жол жоболору жүргүзүлгөн учурда, ошол эле мөөнөттөрдө, сатып алуучу уюм суроо-талаптын булагын жарыялабастан, конкурстук документация берилген бардык берүүчүлөргө (подрядчыларга) жоболорду түшүндүрүп берүүгө тийиш.
5. Сатып алуучу уюм техникалык адистешмелер же негизги талаптар өзгөргөндө сатып алуулардын предметин өзгөртпөстөн конкурстук документацияга өзгөртүү киргизе алат, мында ал конкурстук документацияга киргизилген өзгөртүүлөрдү өз убагында эсепке алууга берүүчүлөргө (подрядчыларга) мүмкүндүк берген мөөнөттөрдө, бирок кайсы учурда болбосун конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен толуктоолорду киргизүүгө тийиш, берүүчүлөр (подрядчылар) болсо бул мөөнөттөрдө өз конкурстук табыштамаларын даярдоого жана конкурстук табыштамаларды берүүгө мүмкүндүк алышы керек. Конкурстук документацияны өзгөртүү тууралуу маалымат, конкурстун бардык катышуучуларына милдеттүү түрдө кабардама берүү менен, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жарыяланат жана катышуучулар үчүн милдеттүү күчкө ээ болот.
6. Эгерде сатып алуучу уюм конкурстук документацияга тиешеси бар кандайдыр бир маселелерди түшүндүрүү үчүн берүүчүлөр (подрядчылар) менен конкурс алдындагы кеңешме өткөрсө, ушул кеңешменин жүрүшүндө билдирилген конкурстук документтерди түшүндүрүү жөнүндө суроо-талаптарды, ошондой эле алардын булагын көрсөтпөстөн бул суроо-талаптарга жоопторду камтыган протоколду түзөт. Конкурс алдындагы кеңешме өткөрүлүүчү мөөнөт берүүчүлөргө (подрядчыларга) өздөрүнүн конкурстук табыштамаларын даярдоодо конкурс алдындагы кеңешменин протоколун өз учурунда эсепке алууга жана конкурстук табыштамаларды берүүгө мүмкүндүк бериши керек, бирок, кайсы учурда болбосун, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин беш жумуш күндөн кечиктирилбөөсү зарыл. Конкурс алдындагы кеңешменин протоколу мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына токтоосуз жайгаштырылат. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболору жүргүзүлгөн учурда конкурс алдындагы кеңешменин протоколу конкурстук документацияны алган бардык берүүчүлөргө (подрядчыларга) токтоосуз берилет.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-23" title="23-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>