1-статья
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 марта 2023 года № 69.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Патент мыйзамына" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 69-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2. 12-статьянын 5-бөлүгүндө:
бөлүктөгү "ири авариялар" деген сөздөрдөн кийин ", эпидемиялар" деген сөз менен толукталсын; "тиешелүү компенсация" деген сөздөр "теңдеш сый акы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 13-статьяда:
3-пунктта: пункт "ири авариялар" деген сөздөрдөн кийин ", эпидемиялар" деген сөз менен толукталсын; "теңдеш компенсация" деген сөздөр "теңдеш сый акы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй редакциядагы 5- жана 6-пункттар менен толукталсын: "5) эгерде ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүлөрүн жеке, үй-бүлөлүк, үйдөгү же ишкердик иши менен байланышпаган башка таламдарды канааттандыруу үчүн пайдалануунун максаты пайда же киреше алуу болуп саналбаса, ушундай пайдалануу.".
6) эгерде төмөнкүдөй продукт же бул буюм патент ээси же патент ээсинин уруксаты менен башка жактар тарабынан ар кандай өлкөнүн аймагына жарандык жүгүртүүгө мурда киргизилген болсо, ойлоп табуу же пайдалуу модель пайдаланылган продуктуну же болбосо өнөр жай үлгүлөрү пайдаланылган буюмду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, колдонуу, сатуу тууралуу сунуш кылуу, сатуу, продуктуну жарандык жүгүртүүгө башкача киргизүү же бул максаттар үчүн сактоо.".
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111119/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>