Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 23 марта 2023 года № 69 "Патентный закон"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-23.
КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 10-апрели № 76 Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Патент мыйзамына" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 69-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2. 12-статьянын 5-бөлүгүндө:
бөлүктөгү "ири авариялар" деген сөздөрдөн кийин ", эпидемиялар" деген сөз менен толукталсын; "тиешелүү компенсация" деген сөздөр "теңдеш сый акы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 13-статьяда:
3-пунктта: пункт "ири авариялар" деген сөздөрдөн кийин ", эпидемиялар" деген сөз менен толукталсын; "теңдеш компенсация" деген сөздөр "теңдеш сый акы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй редакциядагы 5- жана 6-пункттар менен толукталсын: "5) эгерде ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүлөрүн жеке, үй-бүлөлүк, үйдөгү же ишкердик иши менен байланышпаган башка таламдарды канааттандыруу үчүн пайдалануунун максаты пайда же киреше алуу болуп саналбаса, ушундай пайдалануу.".
6) эгерде төмөнкүдөй продукт же бул буюм патент ээси же патент ээсинин уруксаты менен башка жактар тарабынан ар кандай өлкөнүн аймагына жарандык жүгүртүүгө мурда киргизилген болсо, ойлоп табуу же пайдалуу модель пайдаланылган продуктуну же болбосо өнөр жай үлгүлөрү пайдаланылган буюмду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, колдонуу, сатуу тууралуу сунуш кылуу, сатуу, продуктуну жарандык жүгүртүүгө башкача киргизүү же бул максаттар үчүн сактоо.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Патент мыйзамыЗакон · 23.03.2023 · № 69
- Патент мыйзамыЗакон · 14.01.1998 · № 8 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Патент мыйзамыЗакон · 23.03.2023 · № 69