39-статья. Тамак ичүүдөн баш тарткан учурда колдонулуучу чаралар
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Шектүү же айыпталуучу тамак ичүүдөн баш тарткан учурда камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тамактануудан баш тартуунун себептерин билүүгө, бул тууралу кылмыш ишин карап жаткан адамга же органга жана ошондой эле камакта кармоочу жайларда мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырып турган прокурорго билдирүүгө милдеттүү. Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартышынын себептери жүйөлүү болсо, камакта кармоочу жайдын администрациясы айтылган талаптарды канааттандыруунун чараларын көрөт. Шектүүнүн же айыпталуучунун айткан талаптарын ошол замат аткаруунун мүмкүнчүлүгү болбосо тийиштүү түшүнүк берилет жана аларды канааттандыруунун чаралары көрүлөт. Тамактануудан баш тарткан шектүү же айыпталуучу башка шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан мүмкүн болушунча бөлөк кармалат жана медициналык кызматкердин байкоосунда болот. Тамактануудан баш тарткан шектүүнүн же айыпталуучунун ден соолугун сактоо менен, анын ичинде эгерде анын өмүрүнө коркунуч туулса, мажбурлоо жолу менен ден соолугун сактоого багытталган чаралар врачтын жазуу жүзүндө берилген аныктамасынын негизинде жана анын катышуусу менен ишке ашырылат. Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартышы башка жакта камакта кармалып турганга этап менен же конвой менен алынып кетишине жолтоо болбойт, керек болгон учурларда медициналык кызматкерлер коштойт.
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-39" title="39-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>