38-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын материалдык жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта болгон мезгилинде мамлекетке материалдык залал келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- иштин жүрүшүндө келтирилгенде - Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамында каралган өлчөмдөрдө;
- башка аракеттер менен келтирилгенде - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө материалдык жоопкерчилик тартышат.
Шектүүлөрдүн же айыпталуучулардын мамлекетке келтирген материалдык залалдарынын өлчөмү камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын текшерүүсүнүн материалдарына негизделген токтому менен аныкталат. Шектүүгө же айыпталуучуга чыгарылган токтом кол койдурулуп уктурулат жана жогору турган кызмат адамдарына, прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн. Материалдык залалды өз эркинче төлөп берүүдөн баш тарткан кезде ал сот тартибинде өндүрүлүп алынат. Материалдык залал үчүн туура эмес кармалган сумма кайтарып берилет жана шектүү менен айыпталуучунун жекече эсебине жазылат. Шектүүнүн же айыпталуучунун өтүнүчү боюнча ал тарабынан келтирилген материалдык залал анын ата-энелеринен же башка адамдар тарабынан алардын макулдугу боюнча төлөнүп берилиши мүмкүн. Соттолгон адам жазаны аткаруучу мекемеге жөнөтүлгөн учурда, өндүрүлбөй калган материалдык залал көрсөтүлгөн мекеменин администрациясы тарабынан, соттолгон адамдын өздүк эсебине түшкөн каражаттан өндүрүлөт. Шектүү, айыпталуучу камактан бошотулган учурда материалдык залал соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде соттун чечими менен өндүрүлөт. Камакта кармоочу жайдын администрациясынын жана кызматкерлеринин айынан шектүү же айыпталуучу тарткан материалдык залал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүп берилет.
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Правила внутреннего распорядка следственных изоляторов уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской республики (Утверждены постановлением Правительства КР от…Правила · 30.08.2006 · № 631
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин ЭРЕЖЕЛЕРИ( К Р Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы № 760 токтому менен бекитилген)Правила · 31.10.2012 · № 760
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин " ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57…Правила · 02.02.2006 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Бангизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун убактылуу болок кармоочу жайынын ички тартибинин эрежеси (Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 29…Правила · 29.12.2004 · № 875 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-38" title="38-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>