20-статья. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жөнөтүү
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдук уюмдарга даректелинген сунуштары, арыздары жана даттануулары камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу жөнөтүлөт. Прокурорго, сот жана шектүүлөр менен айыпталуучуларды, камакта кармоочу жайларды контролдоого укуктуу болгон башка мамлекеттик бийлик органдарына даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар цензурага алынбайт жана сунуш берилгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен, ал эми бул күн дем алыш же майрам күндөрүнө туш келсе, биринчи жумуш күнү даректелгенге мөөр басылган пакетке салынып жөнөтүлөт. Мамлекеттик бийликтин башка органдарына, коомдук бирикмелерге, ошондой эле актоочуга даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар камакта кармоо жайынын администрациясы тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша алар берилген учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбей жөнөтүлүүгө тийиш. Жазык иши боюнча акыйкатты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды камтыган, жашыруун жазма, шифр менен жасалган жана ошондой эле мамлекеттик же мыйзам менен корголгон башка сырды камтыган кат алышууга тыюу салынат жана алынып коюлат. Соттун, тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы тергөө органынын аракеттерине жана чечимдерине даттануулар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган тартипте алар берилген учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Сунуштарга, арыздарга жана даттанууларга берилген жооптор шектүүлөргө жана айыпталгандарга кол койдуруу менен жарыяланат жана алардын өздүк иштерине тиркелет. Өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна байланыштуу сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылгандыгы үчүн шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кандай жол менен болбосун куугунтуктоого жол берилбейт. Камакта кармоо жайынын мындай куугунтуктоо жагынан күнөөлүү кызмат адамдары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-20" title="20-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>