Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
89-статья. Соттолгондорго карата жаза-чараларын колдонуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Жаза-чараларын колдонууда укук бузуунун жагдайлары, соттолгондун инсандыгы жана мурдагы жүрүш-турушу эске алынат. Берилген жаза жоруктун оордугуна жана мүнөзүнө ылайык келүүгө тийиш. Жаза-чарасы жорук билинген күндөн тартып он суткадан кечиктирилбестен, ал эми текшерүү жүргүзүлсө, ал бүткөн күндөн кийин, бирок жорук жасалган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилет. Жаза-чарасы, эреже катары, токтоосуз түрдө аткарылат жана өзгөчө учурларда гана ал берилген күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен аткарылат. Бир укук бузуу үчүн бир нече жаза -чара берүүгө тыюу салынат. (2) Сөгүш түрүндөгү жаза оозеки же жазуу жүзүндө, калган жазалар жазуу жүзүндө гана берилет. Жазуу жүзүндөгү жаза түзөтүү мекемесинин зардалынын же аны алмаштырган адамдын жүйөлүү токтому менен берилет. (3) Дисциплинардык жазапул түрүндөгү жаза-чарасы ушул Кодекстин 88-статьясынын биринчи бөлүгүндө саналып өткөн жаза өтөөнү белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн гана берилет. Токтом соттолгондун колун койдуруп алуу менен жарыяланат. Жазапулдун өндүрүлгөн суммасы түзөтүү мекемеси тарабынан соттолгондорду кармоонун шартын жакшыртууга пайдаланылат. (4) Айыптык изоляторго отургузуу, соттолгонду камералык типтеги имарат жайга жана жеке камерага которуу жаза-чарасынын мөөнөтүн көрсөтүү менен жүргүзүлөт. (5) Камералык типтеги имарат жайга которулган соттолгондорго карата камералык типтеги имарат жайга которуудан башка жаза чараларынын бардыгы колдонулушу мүмкүн. (6) Абактагы балдар үйүндө эмчектеги баласы бар аялдар жана жумуштан кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу бошотулган аялдар айыптык изоляторго жана камералык типтеги имарат жайга которулбайт. (7) Эгерде соттолгон адам дисциплинардык жаза-чарасын өтөгөн күндөн тартып жыл ичинде жаңы жаза-чарасына тартылбаса, анын жаза-чарасы жок деп эсептелет. (8) Соттолгонду айып изоляторунан, камералык типтеги орунжайдан, бир кишилик камерадан мөөнөтүнөн мурда бошотууга ушул жазаны берген адам тарабынан сыйлоо чарасы тартибинде, ошондой эле медициналык көрсөткүчтөр боюнча уруксат берилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.06.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүйөлүү токтому менен берилет.
(3) Дисциплинардык жазапул түрүндөгү алынып салынды: жаза - чарасы кошулду: жаза-чарасы ушул Кодекстин алынып салынды: 88 - статьясынын кошулду: 88-статьясынын биринчи бөлүгүндө саналып өткөн жаза өтөөнү белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн гана алынып салынды: бөрилет. кошулду: берилет. Токтом соттолгондун колун койдуруп алуу менен жарыяланат. Жазапулдун … жаңы жаза-чарасына тартылбаса, анын жаза-чарасы жок деп эсептелет.
кошулду: (8) Соттолгонду айып изоляторунан, камералык типтеги орунжайдан, бир кишилик камерадан мөөнөтүнөн мурда бошотууга ушул жазаны берген адам тарабынан сыйлоо чарасы тартибинде, ошондой эле медициналык көрсөткүчтөр боюнча уруксат берилет.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-89" title="89-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>