88-статья. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуулар
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Төмөндөгүлөр: баңги заттарды пайдалануу; майда хулиганчылык; түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлдөрүн коркутуу, мазактоо же аларга баш ийбөө; бачабаздык, лесбянчылык; иш таштоолорду же башка тобу менен баш ийбөөлөрдү уюштуруу, ошого тете аларга активдүү катышуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуулар болуп эсептелет. (2) Эгерде соттолгон ушул эки укук бузуу үчүн дисциплинардык же айыптык изоляторго отургузуу түрүндөгү жаза-чарасына тартылса, жыл ичинде жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кайталап бузуу да, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу катары таанылышы мүмкүн. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн укук бузууларды жасаган соттолгон адам ушул Кодекстин 87 - статьясынын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи пункттарында каралган жаза-чаралар ага дайындалган шартта жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучу деп таанылат. (4) Соттолгон түзөтүү мекемесинин зардалынын жүйөлүү токтому боюнча кыянаттык менен тартип бузуучу катары таанылъш, ага ошол эле учурда жаза берилет.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
88-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-88" title="88-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>