61-статья. Соттолгондордун туугандары, адвокаттар жана башка адамдар менен жолугушуусу
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 11-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 марта 2013 года № 43
61-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 61-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин аймагында: узактыгы төрт саатка чейинки кыска мөөнөттүү, узактыгы үч суткага чейинки узак мөөнөттүү жолугушуулар берилет. (2) Туугандары же башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусу менен берилет. Жубайы же жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, уялаш ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер) бирге жашоо укугу менен, ошондой эле алардын чөйрөсү түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери менен аныкталуучу башка адамдар менен жолугушууларга уруксат берилет. (3) Соттолгондорго өздөрүнүн өтүнүчү боюнча узак мөөнөттүү жолугушууну-кыска мөөнөттүү жолугушууга, кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушууну-телефон менен сүйлөшүүгө, ал эми тарбия абактарында узак мөөнөттүү жолугушууну мекемеден тышкары жерде жашап, абактын чегинен кыска мөөнөткө чыгуу менен алмаштырууга уруксат берилет. Алмаштыруунун тартиби түзөтүү мекемелеринин Ички тартибинин эрежелери тарабынан белгиленет. (4) Соттолгондорго юридикалык жардам алуу үчүн алардын арызы боюнча тапшыруу ордери бар адвокаттар менен жолугушуу берилет. Соттолгондун жана адвокаттын каалоосу боюнча жолугушуу жекеме-жеке жана убактысын чектебестен берилет. (КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
61-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 марта 2013 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.03.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер) бирге жашоо укугу менен, алынып салынды: ал эми өзгөчө учурларда мекеменин зардалынын уруксаты аркылуу-башка кошулду: ошондой эле алардын чөйрөсү түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери менен аныкталуучу башка адамдар менен жолугушууларга уруксат берилет.
(3) Соттолгондорго … боюнча жолугушуу жекеме-жеке жана убактысын чектебестен берилет.
кошулду: (КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 01.02.2012 · № 76 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-61" title="61-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>