150-статья. Жаза өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 20-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдар жашаган жерине акысыз баруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жол жүргөн мезгилинде тамак-аш азыктары же акча менен камсыз кылынат. (2) Маалына жараша кийим-кечеги, бут кийими жана аларды сатып алууга каражаттары жок эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулуп жаткан адамдар кийим жана бут кийим менен бюджеттин эсебинен камсыз кылынат. Аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө акчалай бир жолку жөлөкпул берилиши мүмкүн. (3) Жазадан бошотулуп жаткан адамды тамак-аш, кийим-кечек, бут кийим менен камсыздоо, аларга бир жолку акчалай жөлөкпул берүү, ошондой эле жол киресин төлөп берүү жазаны аткаруучу мекеме тарабынан жүргүзүлөт. (4) Ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон адамдарды, кош бойлуу аялдарды жана жаш баласы бар аялдарды, ошондой эле жашы жете элек балдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотууда жазаны аткаруучу мекеменин же органдын администрациясы алардын туугандарына, болбосо башка адамдарга алдын ала кабарлайт. (5) Ушул статьянын 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулуп жаткан адамдар, ошондой эле он алты жаш куракка чейинки жашы жете электер жашаган жерине туугандарынын же аны алып кетүү үчүн келген башка адамдардын, болбосо түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин коштоосу менен жөнөтүлөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
150-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.06.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жаза өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү
(1) алынып салынды: Камакка алуу же эркиндигинен кошулду: Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдар жашаган … жана жаш баласы бар аялдарды, ошондой эле жашы жете элек балдарды алынып салынды: камакка алуу же эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотууда жазаны аткаруучу мекеменин же органдын администрациясы алардын алынып салынды: туутандарыыа, кошулду: туугандарына, болбосо башка адамдарга алдын ала кабарлайт.
(5) Ушул статьянын … түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин коштоосу менен жөнөтүлөт.
кошулду: (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 28-апрелиндеги № 495-VI "2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 28.04.2016 · № 495-VI
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-февралындагы № 105 "Соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.02.2014 · № 105
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 26-февралындагы № 105 токтомуПостановление · 26.02.2014 · № 105
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-150" title="150-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>