6-статья. Аудитордук корутунду (отчет)
Күчүн жоготкон · 03.12.2021 редакциясы
Берене күчүн жоготкон.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 марта 2019 года № 35
Жүргүзүлгөн аудиттин жана (же) коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча аны аткарган адам аудитордук корутунду (отчет) берет, анын формасы, мазмуну жана берүүнүн тартиби аудиттин тийиштүү стандарттары менен аныкталат. Аудитордук корутундуга (отчетко) квалификациялык сертификаттын номери жана берилген датасы көрсөтүлүп, аудитордук уюмдун аткаруу органынын жетекчисинин (аудитордун), ошондой эле тапшырманын жетекчисинин колу коюлат жана аудитордук уюмдун мөөрү менен ырасталат. Аудиттин белгиленген стандарттарын бузуу менен аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө, ошондой эле анык эмес же жетишсиз финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук жана башка маалыматтардын негизинде аудитор же аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн аудитордук корутунду (отчет) жарандык сот өндүрүшү тартибинде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Аудиторлор тарабынан өзүнүн иш-милдеттерине туура келбеген, аудитти жүргүзүүсүз түзүлгөн, же болбосо анын натыйжалары боюнча түзүлсө да, аудитти жүргүзүүнүн жүрүшүндө аудитор же аудитордук уюм тарабынан каралган документтердин мазмунуна ачык карама-каршы келген жалган аудитордук корутундуну (отчетту) билип туруп жасоо аркылуу өз ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жазык жоопкерчилигине алып келет. Өз ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланганы үчүн аудиторго карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызын кароонун негизинде чыгарылган соттун чечими менен жеке аудитордун жана (же) аудитордук уюмдун аудитордук ишти жүзөгө ашыруу лицензиясын жокко чыгаруу үчүн, ал эми мындай аудитордук корутундуга (отчетко) кол койгон жак үчүн анын аудитордук квалификациялык сертификатынан ажыратуу (алып коюу) үчүн негиз болуп саналат. Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, бир эле убакта аудит жүргүзүлгөн жактарга аудитордук корутундуга (отчетко) кол коюлган датадан тартып беш жумушчу күндүн ичинде аудиттин натыйжасында табылган финансылык отчеттуулук стандарттарынын бузулгандыгы жөнүндө маалымдоо менен билдирүүгө милдеттүү. (КР 2019-жылдын 18-мартындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2009-жылдын 24-декабрындагы ("Аудитордук иш жөнүндө" 2002-жылдын 30-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси жана…Решение · 24.12.2009
- (Русский) Решение от 24 декабря 2009 годаРешение Конституционного суда · 30.07.2002
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №109 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 20.02.2012 · № 109 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1091/st-6" title="6-статья - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>