Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун («Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси жана 10-беренесинин 4-пункту Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3-пунктуна, 15-беренесинин 6, 7 жана 11-пункттарына, 82-беренесинин 2, 3 жана 4-пункттарына карама-каршы келет деп табуу жөнүндө жаран Абдраманова Эркингүл Абыловнанын өтүнүчү боюнча) чечими
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары
2009-жылдын 24-декабры
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ
"Аудитордук иш жөнүндө" 2002-жылдын 30-июлундагы Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамынын 6-беренеси жана 10-беренесинин 4-пункту Конституция-
га ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренеси-
нин 3-пунктуна, 15-беренесинин 6, 7 жана 11-пункттарына, 82-беренесинин
2, 3 жана 4-пункттарына карама-каршы келет деп табуу жөнүндө жаран Абд-
раманова Эркингүл Абыловнанын өтүнүчү боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С. К.Сыдыко-
ва, Төраганын орунбасары А. А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров,
С.Н.Демин, А.С.Кененсариев, Ч.Ж.Курбанова, О.Ж.Мамыров, Ч.А. Мусабекова
жана К.Эсенкановдун курамында,
соттук жыйналыштын катчысы Ж.М.Абдылдаеванын, тараптар: жаран Абд-
раманова Эркингүл Абыловнанын жана 2009-жылдын 8-октябрындагы ишеним
каттын негизинде аракеттенген анын өкүлү Айткулов Икрамидин Назирович-
тин жана 2009-жылдын 14-декабрындагы ишеним каттын негизинде аракеттен-
ген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү Жусупов Медер
Кењешовичтин катышуулары менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
85-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мый-
замдын 13-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот
өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук
жыйналышта "Аудитордук иш жөнүндө" 2002-жылдын 30-июлундагы Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын 6-беренеси жана 10-беренесинин 4-пункту Консти-
туцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-бе-
ренесинин 3-пунктуна, 15-беренесинин 6, 7 жана 11-пункттарына, 82-бере-
несинин 2, 3 жана 4-пункттарына карама-каршы келет деп табуу жөнүндө
жаран Абдраманова Эркингүл Абыловнанын өтүнүчүн карады.
Судья К.Эсенкановдун баяндамасын, жаран Э.Абдраманованын жана анын
өкүлү И.Н.Айткуловдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү
М.К.Жусуповдун сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып,
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тапты:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 13-октяб-
рында жана 14-декабрында "Аудитордук иш жөнүндө" 2002-жылдын 30-июлун-
дагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси жана 10-беренесинин
4-пункту Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясынын 2-беренесинин 3-пунктуна, 15-беренесинин 6, 7 жана 11-пунк-
ттарына, 82-беренесинин 2, 3 жана 4-пункттарына карама-каршы келет деп
табуу жөнүндө жаран Абдраманова Эркингүл Абыловнанын өтүнүчү келип
түшкөн.
Өтүнүчтү негиздөөгө төмөндөгүдөй жүйөөлөр келтирилген. Уюштуруучу-
су жана башкы директору жаран Э.А.Абдраманова болгон "INTERIN-АUDIТ"
ЖАКына 2007-жылдын 4-апрелиндеги текшерүүнүн чыныгы жыйынтыктары жөнүн-
дө аудитордук отчетто жана 2007-жылдын 7-апрелиндеги ага кошумча ауди-
тордук отчетто камтылган "Грин Лайф" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү
болгон маалыматтар чындыкка туура келбейт деп табуу жөнүндө жеке ишкер
П.В.Никулин доо арызы менен Бишкек шаарынын район аралык сотуна кайрыл-
ган. Бул соттун 2008-жылдын 18-мартындагы чечими менен бул доо арыз ка-
нааттандырылган. Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономи-
калык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 26-июнундагы анык-
тамасы менен ал чечим күчүндө калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жо-
горку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук
коллегиясынын 2008-жылдын 22-сентябрындагы токтому менен бардык кабыл
алынган соттук актылар бузулган жана Кыргыз Республикасынын Жарандык
процесстик кодексинин 221-беренесинин 1-пунктуна ылайык иш өндүрүштөн
кыскартылган. Бирок, бул аныктама жањы ачылган жагдайлар боюнча Кыргыз
Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иш-
тер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 10-апрелиндеги токтому ме-
нен бузулуп, Бишкек шаарынын район аралык сотунун 2008-жылдын 18-мар-
тындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун административдик жана эконо-
микалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 26-июнундагы ток-
тому күчүндө калтырылган.
Кайрылган тарап, көрсөтүлгөн соттук актылар Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 2-беренесинин 3-пунктуна, 15-беренесинин 6, 7 жана
11-пункттарына, 82-беренесинин 2, 3 жана 4-пункттарына карама-каршы
келген "Аудитордук иш жөнүндөгү" Мыйзамдын 6-беренесинин ченемдерине,
ошондой эле аудитор кол койгон аудитордук корутундуну атайылап жалган
чыгарылган деп табуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши,
аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратууга негиз болоорун ка-
раган Мыйзамдын 10-беренесинин 4-пунктуна негизделген деп эсептейт.
Көрсөтүлгөн ченемдер, жеке аудитор тарабынан атайылап жалган чыгарган
аудитордук корутундуну түзүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодек-
синин 222-беренесинде каралган кылмыш тартибинде жазалануучу жосун бо-
луп эсептелгендиктен, аудитордук корутундуну атайылап жалган чыгарылган
деп табуу мүмкүнчүлүгүнө кылмыш сот өндүрүшүнүн чегинде гана эмес, эко-
номикалык, административдик иштер боюнча жарандык сот өндүрүшү тарти-
бинде дагы жол берет.
Ошол эле мезгилде, аракеттеги жарандык мыйзамдар атайылап жалган
чыгарылган аудитордук корутунду жөнүндөгү түшүнүктү камтыган эмес. Алар
келишимди жараксыз деп табуу үчүн негиздерди гана белгилеген, анын ичи-
не жарандык укук мамилелеринин катышуучуларынын билип туруп укукка кар-
шы келүүчү аракеттерди жасаган учур да кирет. Мындан тышкары, Кыргыз
Республикасынын Жогорку соту кабыл алган токтому жарандык-процессуалдык
мыйзамдуулуктун чегинде акыркы болуп жана даттанууга жатпагандыктан та-
лашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21-бе-
ренесинин 4 жана 5 пункттарында көрсөтүлгөн соттук коргонууга болгон
анын конституциялык укуктарын бузат.
Соттук жыйналышта жаран Э.А.Абдраманова жана анын өкүлү И.Н.Айтку-
лов өтүнүчтүн Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамынын
6-беренеси жана 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту Конституцияга ыла-
йык эмес деп табуу жөнүндөгү талаптарын колдошту жана аларды канааттан-
дырууну сурашат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү М.К.Жусупов
өтүнүчтүн жүйөөлөрү менен макул болгон жок жана канааттандыруусуз кал-
тырууну сурайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүн
талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, жаран Э.А.Абдрамано-
ванын өтүнүчү төмөндөгү негиздер боюнча жарым-жартылай канааттандырылу-
уга жатат деп эсептейт.
Берилген материалдарга караганда, Бишкек шаарынын район аралык со-
тунун 2008-жылдын 18-мартындагы чечими, Бишкек шаардык сотунун адми-
нистративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын
2008-жылдын 26-июнундагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку
сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллеги-
ясынын 2009-жылдын 10-апрелиндеги токтому менен "INTERIN-АUDIТ" ЖЧКсы
аткарган 2007-жылдын 4-апрелиндеги чыныгы аудитордук жыйынтыктары жана
2007-жылдын 7-апрелиндеги "Грин Лайф" ЖЧКсынын иш аракети жөнүндө ага
кошумча отчету атайын жалган деп табылган. Көрсөтүлгөн соттук актылар
атайылап жалган чыгарылган аудитордук корутундуга түшүнүк жана жоопкер-
чилик белгилеген Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйза-
мынын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүгүнүн негизинде кабыл алынган. Берил-
ген ченемди андан ары өнүктүрүүгө, кийинчерээк 2009-жылдын 29-июнундагы
Мыйзам менен көрсөтүлгөн Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту-
на аудитор кол койгон аудитордук корутундуну атайылап жалган чыгарылган
деп табуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши аудитордун
квалификациялык сертификатынан ажыратууга негиз боло алат деп өзгөртүү
киргизилген.
Мындай укук тартипти белгилөө, атайын жалган аудитордук корутунду
кылмыш катары жазалануучу иш аракети болуп саналса дагы, аудитордук ко-
рутундуну жарандык сот өндүрүшүндө атайын жалган деп табуу
мүмкүнчүлүгүн түзгөндүгүнө жогорудагы сот актылары күбө боло алат.
Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамында "ауди-
тордук корутундуну атайылап жалган чыгарылган" деген түшүнүктү бекитүү
алдын ала пландаштырылып жасалган ой аракеттердин (кылмыштык ниеттин),
башкача айтканда кылмыш түзүмүнүн милдеттүү белгисинин бири болгон кыл-
мыштын субъективдүү жагынын бардыгын көрсөтөт. Ал эми, мыйзам боюнча
мындай укуктук маселелерди чечүү, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлгөн-
дөн кийин кылмыш иштерин караган соттун компетенциясына берилген. Жа-
рандык ишти карап жаткан сот аудитордук корутундунун жыйынтыгын жарак-
сыз деп табуу боюнча гана чечим кабыл алуусу мүмкүн, анткени жарандык
сот өндүрүшүнүн алкагында жарандык-укуктук келишимдерден келип чыккан
талаш тењ укуктуу тараптардын ортосунда чечилет.
Муну менен, Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйза-
мынын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүгү жана 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн
4-пункту сотко аудитордук корутундуну атайын жалган деп табууну кылмыш
процессинин алкагынан сырткары берүүсү жана аудиторду квалификациялык
сертификатынан ажыратууну (алып коюуну) кароосу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында белгиленген сот-
тун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен күнөөсү таанылмайынча ар бир
адам кылмыш жасагандыгына күнөөлүү деп эсептелинбейт жана соттун өкүмү
чыкканга чейинки кылмыш үчүн адамдын жоопкерчилигине жүктөлгөн бардык
аракеттерге жол берилбейт деген талаптарын бузат. Ошондой эле, жаран-
дардын Конституция жана мыйзамдар менен белгиленген бардык эркиндикте-
рин жана укуктарын сот аркылуу корголушуна кепилдик берген Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясынын 21-беренесинин 5-пункту бузулган.
Башка негиздер да болушу мүмкүн болсо дагы, "Аудитордук иш
жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө аудитордук кору-
тундуну жараксыз деп табуу үчүн жалгыз гана негиз берилген - ал атайын
жалган корутунду.
Жогорудагыларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык
соту "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамда каралган аудитордук корутундулар-
ды жараксыз деп табуунун тартибин жана негиздерин жана андан келип чык-
кан жоопкерчилик чараларын карап чыгууну максатка ылайык деп эсептейт.
"Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесинин 1 жана 4-
бөлүктөрү Конституцияга ылайык эмес деп табылууга жатпайт, себеби кай-
рылган тараптын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси жок жана алардын конс-
титуциялык укуктарын бузбайт.
Көрсөтүлгөн жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-
ту "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июнун-
дагы Мыйзамынын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү, 10-беренесинин
1-бөлүгүнүн 4-пункту Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республика-
сынын Конституциясынын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарына, 21-берене-
синин 5-пунктуна карама-каршы келет деп табылууга жатат деп эсептейт.
Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын
Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "Кыргыз
Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын
11,12,18,34,35,36 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциялык соту чечти:
1. "Аудитордук иш жөнүндө" 2002-жыл 30-июндагы Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү, 10-беренесинин
1-бөлүгүнүн 4-пункту Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республика-
сынын Конституциясынын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарына, 21-берене-
синин 5-пунктуна карама-каршы келет деп табылсын жана алардын аракетте-
ри жокко чыгарылсын.
Жаран Абдраманова Эркингүл Абыловнанын өтүнүчү жарым-жартылай ка-
нааттандырылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,
юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү
түрдө аткарылууга тийиш.
3. Чечим "Кыргыз Республикасынын "Конституциялык сотунун жарчысы"
журналына, "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерине
жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы С.К.Сыдыкова
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Секретары О.Ж.Мамыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 134 · Күчүн жоготкон
- О Конституционном суде Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1335-XII · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1337-XII · Күчүн жоготкон