Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
42-статья. Аргасыз жер которуучуларга жардам көрсөтүү
Күчүндө · 16.06.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47
Ушул Мыйзамга ылайык аргасыз жер которуучулар деп таанылган жарандарга:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталгандай административдик-аймактык бирдиктен турак жай же жер участогу берилет же келтирилген материалдык зыяндар калыбына келтирилет. Турак-жай, жер участогун берүүнүн же зыяндарды калыбына келтирүүнүн жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
2) ишке орношууга мүмкүнчүлүк болбогон учурларда, ишке орношууга же жумушсуз катары каттоодон өтүүгө көмөк көрсөтүлөт;
3) кесиптик даярдык алууда (кайра даярдоодо) жана квалификациясын жогорулатууда көмөк көрсөтүлөт;
4) ошол калктуу конуштарда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү, жашоо шарттары тууралу маалыматтар берилет;
5) турак жай курулуш кооперативине кирүүдө, ошондой эле жеке турак жай курууда жер участогун алуу жана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча жардам көрсөтүлөт;
6) жаңы турган жери же жашаган жери боюнча тиешелүү социалдык төлөмдөрдү (пенсияларды, жөлөкпулдарды) алуу камсыздандырылат;
7) жеңилдетилген шарттарда медициналык жана дары-дармектик жардамдар көрсөтүлөт;
8) бөлөк адамдын кароосуна муктаж жалгыз бой аргасыз жер которуучуларга - кары-картаңдарга жана майыптарга калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринен кезексиз тартипте орундар берилет;
9) аргасыз жер которуучулардын балдарын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерге орноштурууда, ошондой эле окуучуларды жана студенттерди тиешелүү орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелерине которууда көмөк көрсөтүлөт;
10) алардын ден соолуктарына зыян келтирилген учурда дарылануу үчүн санаториялык-курорттук мекемелерден жеңилдетилген жолдомолор менен камсыз болууга көмөк көрсөтүлөт;
11) жагдайга жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жана өлчөмдө бир жолку жөлөкпул берилет;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча башка зарыл жардамдар көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"Редакцияларды салыштыруу
15.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жер которуучулар деп таанылган жарандарга:
1) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталгандай административдик-аймактык бирдиктен турак жай … жардамдарды көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
2) ишке орношууга мүмкүнчүлүк болбогон … болууга көмөк көрсөтүлөт;
11) жагдайга жараша Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жана өлчөмдө бир жолку жөлөкпул берилет;
12) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча башка зарыл жардамдар көрсөтүлөт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1090/st-42" title="42-статья - Ички жер которуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>