Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. УИАнын башка илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин субъекттери менен болгон өз ара мамилелери
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана өз уставына ылайык, УИА иштин түрлөрүн жана усулдарын өз алдынча аныктайт, илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүнү, аларга колдоо көрсөтүүнү же практикада ишке ашырууну жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жана жеке жактар, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен, анын ичинде башка мекемелерде иштеген УИАнын мүчөлөрүнүн ишине таянып өз ара пайдалуулуктун жана тең укуктуулуктун негизинде кызматташат. УИАнын илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин башка субъекттери менен кызматташуусунун негизги түрлөрү:
- биргелешкен программалардын, пландардын жана долбоорлордун алкагында илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелеринин окумуштуулары менен адистерин УИАнын илимий мекемелериндеги изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарууга тартуу;
- УИАнын окумуштууларынын жана адистеринин республикадагы жогорку окуу жайлар менен илимий мекемелерде жүргүзүлүп жаткан иштеп чыгууларга жана изилдөөлөргө катышуусу;
- УИАнын окумуштууларынын Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен илимий мекемелеринде жогорку квалификациялуу илимий кызматкерлерди жана адистерди даярдоого катышуусу;
- биргелешкен илимий жана илимий-практикалык сессияларды, конференцияларды, кеңешмелерди, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү;
- УИАнын мезгилдүү басма сөз басылмаларында окумуштуулардын жана илимий мекемелердин илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын жарыялоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелери илимий иштин багыттары боюнча УИА тарабынан жарыяланган адисттиктер боюнча УИАнын академиктигине жана корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу. Жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелер тарабынан талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби УИАнын уставы менен аныкталат. УИА республикалык бюджеттин эсебинен фундаменталдык изилдөөлөрдү аткаруучу Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларынан жана илимий мекемелерден фундаменталдык изилдөөлөрдүн натыйжалары жана абалы жөнүндө маалыматтарды суратууга жана алууга, аткарылып жаткан фундаменталдык изилдөөлөрдүн абалына жана деңгээлине баа берүүгө укуктуу.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1089/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>