6-статья. Мамлекеттик органдардын жана УИАнын илимий-техникалык саясатты ишке ашыруудагы өз ара мамилелери
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
УИА Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий-техникалык саясатынын субъекти болуп саналат. Кыргыз Республикасындагы илимдин өнүгүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу УИАнын тике катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Мамлекет УИАга жүктөлгөн милдеттер аткарылышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт, УИАнын кадыр-баркынын жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык, саясий өнүгүшүндөгү орду менен ролунун жогорулашына ар тараптан көмөктөшөт, анын ишин камсыз кылуу үчүн каржы каражаттарын белгиленген тартипте бөлүп берет. Өз ишинде УИА Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик башкаруу органдары менен активдүү өз ара аракеттенет. УИАнын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча ал аталган органдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка уюмдарына жана мекемелерине тике кайрылууга, алардан өз суроолоруна жооп алууга укуктуу. УИАнын компетенциясына кирген маселелерди кароодо УИАнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу органдарынын коллегияларынын, илимий-техникалык кеңештеринин заседаниелерине жана башка кеңешмелерине катышууга укуктуу. УИАнын иши өзүнүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыз кылууга, окумуштуулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү эркин жүргүзүүгө багытталган илимий ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана өз алдынча башкаруу принциптерин айкалыштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат. УИАдагы башкаруунун тариздери жана тартиби анын уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1089/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>