18-статья. УИАнын мүлкү
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
УИАнын мүлкү УИАнын оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат. Мамлекет УИАга анын уставы менен каралган иш үчүн пайдаланылуучу негизги жана жүгүртүлүүчү фонддорду, жерди жана башка мамлекеттик мүлктү пайдаланууга мөөнөтсүз жана акысыз берет. УИАга берилген негизги жана жүгүртүлүүчү фонддор менен мамлекеттик башка мүлктөр бөлөк уюмдарга берилбейт жана алынып коюлбайт. УИА өзүнө берилген мүлктү УИАсынын уставы менен көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин бардык түрлөрүн, анын ичинде материалдык-техникалык базаны чыңдоо, инфраструктураны күтүү жана өз кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн алынуучу пайданы пайдалануу менен тажрыйба-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык ишкердүүлүктүн булактарынан түшкөн каражаттарды пайдаланат.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы № 246-VII "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо…Постановление · 11.05.2022 · № 246-VII
- Постанвление Правительства КР от 20 мая 2004 года № 371 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 8 октября 2001 года N 608 "О передаче…Постановление · 20.05.2004 · № 371
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1089/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>