17-статья. УИАны каржылоо
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 мая 2019 года № 64
УИАнын илимий мекемелерин каржылоо формалары (базалык, максаттуу-программалык жана гранттык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. УИАнын илимий мекемелеринин каржылык каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөрдөн;
- өздүк өндүрүлгөн товарларды сатуудан түшкөн каражаттардан;
- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана кайрымдуулуктардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.
УИАнын илимий мекемелерин каржылоо илимий мекемелерди, фундаменталдык жана прикладдык программаларды базалык каржылоону, ошондой эле академиялык илимий инфратүзүмдү каржылык камсыз кылууну кошуп алганда, Илимдин улуттук фондунан өзүнчө сап менен жүзөгө ашырылат. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн УИАнын илимий мекемелери, айрым окумуштуулары жана окумуштуулардын тобу Илимдин улуттук фондунун гранттарын алуу үчүн конкурстарга катыша алышат. (Бөлүк КР 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алынган каржылык каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн каржылоо булактарына (бюджеттик каражаттар, гранттар, насыялар) карабастан, мекеменин жетекчиси, теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110, 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июня 2017 года № 110 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
17.05.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин алынып салынды: каражаттарынын;
кошулду: каражаттарынан;
- алынып салынды: атайын арналыштагы фонддордун каражаттарынын;
кошулду: биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөрдөн;
- өздүк өндүрүлгөн товарларды сатуудан түшкөн каражаттардан;
- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде кошулду: чет өлкөлүк ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана кайрымдуулуктардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган алынып салынды: чет өлкөлүк жана башка алынып салынды: булактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана кайрымдуулуктарынын.
кошулду: булактардан.
УИАнын илимий мекемелерин каржылоо илимий мекемелерди, фундаменталдык … улуттук фондунун гранттарын алуу үчүн конкурстарга катыша алышат.
алынып салынды: Учурдагы жылдын аягына чейин сарпталбаган атайын каражаттар кийинки жылда пайдалануу үчүн сакталып калат.
кошулду: (Бөлүк КР 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алынган каржылык каражаттарды … жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
(КР 2017-жылдын 28-июнундагы № алынып салынды: 110 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 110, 2019-жылдын 17-майындагы N 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 17.05.2019 · № 64
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1089/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>