38-статья. Микрофинансы уюмунун эсепке алуусу жана отчеттуулугу
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 6-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2021 года № 93
1. Микрофинансы уюмунун финансы жылы 1-январдан башталат жана 31-декабрда бүтөт. Эгерде микрофинансы уюму 1-январдан кийин каттоодон өткөн болсо, анда биринчи финансы жылы мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат жана ошол эле жылдын 31-декабрында бүтөт.
2. Микрофинансы уюмдарынын отчетторунун мүнөзү, көлөмү, формаларынын тизмеси жана берүү мөөнөттөрү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленүүгө тийиш.
3. Микрофинансы уюму берилген маалыматтардын жана отчеттордун тактыгы жана толуктугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Микрофинансы уюмунун жылдык отчетторунун түзүмү жана мөөнөттөрү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет.
5. Микрофинансы уюмдары ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүшөт жана финансылык отчетту түзүшөт.
(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана мөөнөттөрү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет. кошулду: 5. Микрофинансы уюмдары ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүшөт жана финансылык отчетту түзүшөт. (КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-38" title="38-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>