37-статья. Микрофинансы уюмунун аудити
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 6-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60
1. Микрофинансы уюму эсептердин аныктыгын текшерүү, ошондой эле өзүнүн ички контролдоо тутумунун төп келгендигин жана натыйжалуулугун текшерүү жана ага баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ички аудитти жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансы компаниясы өзүнүн ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү, ал эми микрокредиттик компания (микрокредиттик агенттик) түзүшү мүмкүн.
2. Микрофинансы компаниясы көз карандысыз аудиторлордун күчү менен ар жылдык көз карандысыз аудит жүргүзүшү керек. Микрофинансы компаниясы жетекчиликке катты жана финансылык отчетторду кошуп алганда, тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын өзгөртүүсүз, жыл сайын микрофинансы уюмунун тышкы аудитору тарабынан отчет берилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки 30-апрелден кечиктирбестен Улуттук банкка берип турууга милдеттүү.
3. Микрокредиттик агенттик өз ишине тышкы аудитти жүргүзө алат. Микрокредиттик компания өз ишине тышкы аудитти жүргүзүүгө жана Улуттук банк тарабынан белгиленген форма жана мөөнөттөр боюнча Улуттук банкка отчет берүүгө тийиш.
4. Улуттук банк ар жылдык көз карандысыз аудитти жүргүзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актыларды чыгарат.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 28 июня 2006 года № 19/4 "О некоторых нормативных актах Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 28.06.2006 · № 19/4
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-37" title="37-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>