33-статья. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер жүзөгө ашыруучу операциялар
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 5-Глава
1. Микрокредиттик компания өз каражаттарынын жана юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын эсебинен гана Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чегинде, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарды улуттук валютада микрокредиттөөнү (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүүнү), Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат.
2. Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоо тартибине ылайык алынган лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, микрокредиттик компания төмөнкү банк операцияларын кошумча жүзөгө ашыра алат:
1) карыз милдеттенмелерин (факторинг) сатып алуу жана сатуу;
2) микрокредиттик компанияда кардарларга эсептерди ачпастан, банк менен агенттик келишим боюнча банктын чекене кызмат көрсөтүүлөрү;
3) өз атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу;
4) овердрафтты кошпогондо, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдында алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоо тартибине ылайык алынган лицензияда көрсөтүлгөн шартта, микрокредиттик компания төлөм карталарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын, эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин жүзөгө ашыра алат.
3. Микрокредиттик агенттик өз каражаттарынын, финансы-кредиттик уюмдардан жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен гана, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттер) улуттук валютада берүүнү Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат.
4. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн банктык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясын алган микрокредиттик компания өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш.
Улуттук банк ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруучу ушул микрокредиттик компанияга карата ушул Мыйзамдын төртүнчү главасында микрофинансы компанияларына карата каралган жөнгө салуу чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу.
5. Микрокредиттик компания же микрокредиттик агенттик акционердик коомдор формасында микрокредиттик компаниялар тарабынан чыгарылуучу акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга укугу жок, ошондой эле ушул статьяда каралбаган башка банк операцияларын жүзөгө ашырууга укуксуз.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 20-майындагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 мая 2024 года № 87 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларынын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелери (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын…Правила · 19.02.2003 · № 4/2
- Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Правила · 30.05.2014 · № 24/11
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 "Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"…Постановление · 20.01.2016 · № 4/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук…Постановление · 31.10.2012 · № 41/9
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы № 45/8 "Микрофинансылык уюмдарга карата талаптар жөнүндө токтому"Постановление · 28.11.2012 · № 45/8 · Күчүн жоготкон
- Правила регулирования деятельности микрофинансовых организаций, осуществляющих операции по исламским принципам банковского дела и финансированияПравила · 01.04.2026 · № 24/11
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-33" title="33-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>