Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-статья. Микрофинансы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 2-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 мая 2024 года № 87
1. Эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, микрофинансы компаниясы Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банк операцияларын жүзөгө ашыра алат:
1) камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүү;
2) жеке жана юридикалык жактардан кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарып берүү шарты менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;
3) карыз милдеттенмелерин (факторинг) сатып алуу жана сатуу;
4) микрофинансы компаниясында кардарларга эсеп ачпастан, банк менен агенттик келишим боюнча банктын чекене кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу;
5) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн ченеминен ашпаган өлчөмдө кепилдиктерди берүү;
6) овердрафтты кошпогондо, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция лицензияда көрсөтүлгөн шартта, микрофинансылык компания төлөм карталарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын, эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин жүзөгө ашыра алат.
11. Улуттук банктын кошумча лицензиясы (лицензияда көрсөтүү) болгондо микрофинансы компаниясы чет өлкөлүк валютада ушул статьянын 1-пунктунун 1-3 жана 6-пунктчаларында саналган операциялардын баарын же айрымдарын жүзөгө ашырууга, ошондой эле чет өлкөлүк валютаны өз атынан сатып алууга жана сатууга укуктуу. Мында Улуттук банк микрофинансы компанияларына карата кошумча лицензия алуу үчүн талаптарды белгилөөгө укуктуу.
12. Микрофинансы компаниясынын карыз алуучусу (лизинг алуучусу) же карыз алуучуларынын тобу микрокредитти (лизингди) микрокредитти төлөөгө кредиттин негизги суммасын, микрокредитти төлөө менен байланышкан пайыздарды жана (же) башка төлөмдөрдү кошуп алганда, микрокредит чет өлкөлүк валютада алынган бөлүгүндө чет өлкөлүк, ошондой эле улуттук валютада төлөй алат. Микрокредитти (лизингди) төлөөдө карыз алуучу (лизинг алуучу) же карыз алуучулардын тобу мында улуттук валютада төлөөлөрдү, эгерде келишим менен башка курс белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген төлөө күнүнө чет өлкөлүк валютанын расмий курсу боюнча жүзөгө ашырат.
2. Микрофинансы компаниясы өз ишин баштаган учурдан тартып алгачкы эки жыл ичинде төмөндөгү учурларды эске албаганда, ушул статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укук ала албайт:
1) эгерде уюм өз ишин ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин жүргүзүп келген болсо жана ушул лицензияны алганга чейинки эки жыл ичинде мыйзамдык негизде аманаттарды кабыл алып жана кредиттерди берип келсе жана микрофинансы компаниясы катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын өзгөртсө жана Улуттук банк бул мурдатан бери эле иштеп келген ошол эле юридикалык жак экенине көзү жетсе;
2) "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кредиттик союз катары түзүлгөн жак жигердүү иштесе жана эки тараптуу негизде аманаттарды кабыл алып, ушул мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып эки жыл ичинде кредиттерди берсе жана микрофинансы компаниясы катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын акционердик коомго өзгөртсө жана Улуттук банк бул мурдатан бери эле иштеп келген ошол эле юридикалык жак экенине көзү жетсе;
3) микрокредиттик компания же агенттик катары түзүлгөн жак Улуттук банк тарабынан берилген күбөлүктүн негизинде эки жыл иштеп жана ал мөөнөттүү аманаттарды тартуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык жана башка талаптарына ылайык келсе.
3. Ушул статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн, ушул статьянын 2-пунктунун талаптарына ылайык келген шартта да, микрофинансы компаниялары операцияларды жүзөгө ашыруу укугун ала алышпайт, эгерде:
1) алар төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таанылса жана жоюлууга жана/же кайра уюштурулууга тийиш болсо;
2) аларга карата Улуттук банктын эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулган болсо, ошондой эле алар Улуттук банктын ченемдик актыларын жана башка бузууларга жол берсе;
3) иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;
4) мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык же дагы башка талаптарына ылайык келбесе.
4. Микрофинансы компаниясы Улуттук банк тарабынан жол берилген чектерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигацияларды жана векселдерди) чыгарууга укуктуу.
5. Улуттук банк микрофинансы компаниясы үчүн чектөөлөрдү белгилеген ченемдик актыларды чыгарат, анын ичинде:
1) депозиттер менен иштөөнүн ыкмалары боюнча;
2) жеке жактардын аманаттарын андан ары кредиттөө үчүн пайдалануу боюнча;
3) тартылган депозиттердин көлөмү боюнча;
4) милдеттүү резервдик талаптардын өлчөмүн сактоо тартиби боюнча;
5) инвестициялардын өлчөмү боюнча;
6) кепилдиктерди жана башкаларды берүү боюнча.
6. Микрокаржы компаниясы каржылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашыра алат.
7. Микрофинансы компаниясы ушул статьяда каралбаган банктык операцияларды жүргүзүүгө укуксуз.
(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 20-майындагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 мая 2024 года № 87 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- "Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" НУСКОО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 30-октябрындагы № 41/12…Инструкция · 31.10.2012 · № 41/12
- Положение о лицензировании, реорганизации и ликвидации микрофинансовых компаний на территории Кыргызской Республики" (Утверждено постановлением Правления Национального банка…Положение · 31.01.2007 · № 5/1
- КР Улуттук Банк Башкармасынын2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-3-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 01.11.2019 · № 2019-П-33/55-3-(НФКУ)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы № 49/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл…Постановление · 16.06.2010 · № 49/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы № 45/8 "Микрофинансылык уюмдарга карата талаптар жөнүндө токтому"Постановление · 28.11.2012 · № 45/8 · Күчүн жоготкон
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 20.12.2023 · № 2023-П-12/80-3-(НПА)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики по вопросам залогового коэффициента, размера штрафных санкций (неустойки) и…Постановление · 05.07.2024 · № 2024-П-12/28-2-(НПА)
- "О внесении изменений и дополнений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики" по банковским счетам и сейфа"Постановление · 17.05.2017 · № 19/10
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 14.11.2019
Беренеде аталган актылар (1)
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>