17-статья. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароосунун убактысы жана орду
Күчүн жоготкон · 19.02.2024 редакциясы · III Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2014 года № 144
Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароо убактысы соттун төрагасы тарабынан аныкталат. Аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды заседаниеге чакыруу соттун төрагасы тарабынан милициянын бөлүктүк инспектору аркылуу жүргүзүлөт. Бул адамдарды кабарлоо өз учурунда, бирок кеминде үч күн мурда жүргүзүлөт. Эгерде аксакалдар соттоору ишти кароонун башка ордун аныктабаса, аксакалдар соттору иштерди (материалдарды) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бөлүп берген жайларда карайт. Аксакалдар соту төмөнкүдөй учурларда:
- эгерде анын аймагында укук бузуулар болсо;
- жашаган жерине карабастан эгерде жоопкер анын аймагында жашаса
арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча;
- эгерде укук бузуучу, болбосо жабырлануучу, жабырлануучу болбосо
жоопкер анын аймагында жашаса башка аксакалдар сотторунун өтүнүчү боюнча ишти (материалдарды) карайт. (КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1070/st-17" title="17-статья - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>