26-статья. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү киргизүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 26.02.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 26 февраля 2024 года № 57.
Соттолгондордун түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу берген ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү, соттордун бардык өкүмдөрүнүн көчүрмөлөрү, администрациянын жана байкоочу комиссиянын же жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиянын ой-пикирлерин көрсөтүү менен соттолгондордун иши жана жүрүм-туруму жөнүндө толук мүнөздөмөлөр, ошондой эле ырайым кылуу жөнүндөгү маселени кароо үчүн мааниге ээ болгон башка документтер жана маалыматтар тиркелип Президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөр Президенттин кароосуна соттолгонго карата ырайым кылууну колдонуу жөнүндө Комиссиянын сунуштары болгондо киргизилет. Эгерде Комиссия ырайым кылууну колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн негиздерди таппаса, бул жөнүндө Президентке маалымат берилет, ал эми арыз берүүчүлөргө ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү четке кагылгандыгы тууралу билдирилет.
Берененин тексти 26.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1057/st-26" title="26-статья - Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>