7-статья. Камсыздандыруу уюмунун капиталы
Күчүн жоготкон · 29.04.2025 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 июля 2014 года № 117
1. Камсыздандыруу уюмунун капиталынын негизин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген эң аз уставдык капиталдан аз эмес өлчөмдө толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт.
Караңыз: КР Министрлер Кабинетинүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
2. Уставдык капиталды түзүү акчалай таризде гана жүзөгө ашырылат. Капиталдын курамына уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан кошулган каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси жок камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталы гана кирет.
3. Камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталына уюштуруучулар (акционерлер) кошкон каражат алар тарабынан өзүлөрүнө тиешелүү акцияларды сатуу аркылуу гана алынышы мүмкүн.
4. Камсыздандыруу операцияларын жүргүзүүгө лицензия алганга чейин камсыздандыруу уюму эң төмөнкү уставдык капиталын түзүүгө жана аны өзүнүн эсептешүү эсебине киргизүүгө милдеттүү.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети камсыздандыруу уюмдарынын уставдык капиталын түзүү жана көбөйтүү жана эң төмөнкү капиталды кармап туруу, колдонуудагы камсыздандыруу келишимдери боюнча алар камсыздандырган тобокелдиктердин чоңдугуна жараша ликвиддик активдердин болушунун маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат.
(КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын…Постановление · 01.06.2016 · № 292 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 1-июнундагы № 292 токтомуПостановление · 01.06.2016 · № 292
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу…Постановление · 14.12.2016 · № 673 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.11.2010 · № 300 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/105/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>